Боор рагы жөнүндө эмнелерди билүү керек жана бул ооруну кантип алдын алуу керек?
Бул китепчеде боор рагы жөнүндө маанилүү маалыматтар берилди: мүмкүн болуучу себептери, симптомдору, диагностика жана дарылоо. Ошондой эле бул оору менен кантип күрөшүү керектиги жөнүндө сунуштар берилген.
Боор рагынан кантип сактанууга болот? Рактын өнүгүүнүн коркунуч факторлорунан качыңыз:
• В гепатитине каршы вакцина алгыла
• Нормалдуу салмакты сактагыла
• Алкоголь ичимдиктерин ыксыз ичпегиле
• Тамеки тартпагыла
• Ден соолукту чыңоочу тамак аштарды жана таза сууну пайдалангыла
• Көгөрүп калган тамак-аштарды пайдаланбагыла - көк баскан грибоктор (микроорганизм себепкер болгон оорулар) афлотоксиндерди иштеп чыгат, ал боор рагын пайда кылат
| < Предыдущая | Следующая > |
|---|

