Frontpage Slideshow (version 2.0.0) - Copyright © 2006-2008 by JoomlaWorks
Печать
PDF
Июл
16

Жатын моюнчасынын рагы жөнүндө эмнелерди билүү зарыл жана бул ооруну кантип алдын алса болот?

Бул китепчеде жатын моюнчасынын рагы жөнүндө маанилүү маалыматтар берилди: мүмкүн болуучу себептери, симптомдору, диагностика жана дарылоо. Ошондой эле бул оору менен кантип күрөшүү керектиги жөнүндө сунуштар берилген.

Жатын моюнчасынын шишиги (рагы) деген эмне?

Бул жатын моюнчасында коркунучтуу зыяндуу клеткалардын пайда болуу оорусу. Жатын моюнчасы бул жатындын ылдыйкы кууш бөлүгү. Жатын моюнчасы жатынды жатын кыны менен кошуп турат. Демейде жатын моюнчасынын шишиги жайыраак, бир топ мезгил аралыгында өсөт. Жатын моюнчасынын клеткасында патологиялык өзгөрүүлөр (бузулуулар) жатын моюнчасынын ткандарынан андай өзгөрүүлөрдү байкай электе эле өнүгө баштайт.

Бул өзгөрүүлөр, кадимки клеткалардын патологиялык (нормалдуу эмес) клеткаларга айлануусу дисплазия деп аталат. Эгерде патологиялык өзгөрүлгөн клеткалардын саны анча көп эмес болсо, анда дисплазияны өз алдынча дарылап айыктырууга болот. Бирок патологиялык өзгөрүлгөн клеткалардын саны канчалык көп болсо, дисплазияны өз алдынча дарылап айыктыруу мүмкүнчүлүгү ошончолук төмөн. Дисплазия, эгерде аны өз учурунда дарылабаса убакыттын өтүшү менен рак шишигине айланып кетет. Андан соң рак клеткалары жатын моюнчасынын бардык жеринде өсүпжайыла баштайт. Дисплазиянын рак шишигине айланышы көп жылдарды ээлеши мүмкүн.

 


-> Скачать публикацию

 

 

Опубликовано в Публикации